Бул Офертанын текстин кунт коюп окуп чыгыңыз!

Эгерде сиз анын жок дегенде бир жобосу менен макул болбосоңуз, анда Кубаттоочу жабдыкты ижарага алуу Келишимин түзө албайсыз.

 

Кубаттоочу жабдыкты ижарага алуу келишими

(коомдук оферта)

Бишкек ш. 20-сентябрындагы

редакциясы

Бул коомдук офертада (мындан ары - Оферта) аты жана реквизиттери «Ижарага берүүчүнүн реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн Ижарага берүүчү, ар кандай кайрылган жеке тарап (мындан ары - Колдонуучу) менен төмөндөгү шарттарда Кубаттоочу жабдыкты ижарага алуу Келишимин (мындан ары - Келишим) түзүүнү сунуштайт.

Терминдер жана аныктамалар:

Колдонуучу - Келишимге кошулган жана Келишимдин шарттарына ылайык, акы төлөнүүчү шартта, Кубаттоочу жабдыкты убактылуу ээлик кылууну жана пайдаланууну кабыл алган жак.

Ижарага берүүчү – Колдонуучуларга акы төлөнүүчү шартта, Кубаттоочу жабдыкты убактылуу ээлик кылууга жана аны пайдаланууга берген, терминалдардын жана Кубаттоочу жабдыкты ээси же башка мыйзамдуу ээси, же жогоруда айтылган тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлү.

Автомат– Колдонуучуларга, Кубаттоочу жабдыкты берүүнү жана алууну камсыз кылуучу түзүлүш.

Кубаттоочу жабдыкты – мобилдик түзүлүштөр үчүн портативдик заряддагыч (аккумулятор) (powerbank).

«Бери Заряд, (Кубаттоочуну ал)!» Тиркемеси – AppStore (itunes.apple.com) жана/же Google Play (play.google.com) тиркеме дүкөндөрү аркылуу жүктөп алууга жеткиликтүү болгон, Колдонуучуну каттоого, Кубаттоочу жабдыктарды колдонууга орнотууларды башкарууга жана керектүү маалыматтарды алууга, картадан Терминалдарды издөөгө арналган программа.

Жеке кабинет – Колдонуучунун жеке маалыматтарын жана Ижарага берүүчүдөн, Колдонуучу тарабынан сатылып алынган ижара жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты камтыган Сайттын же “Бери Заряд!(Кубаттоочуну ал)” Тиркемесинин жабык бөлүмү.

Сайт– www.berizaryad.kg же info-berizaryad.ru дареги боюнча доменде жайгаштырылган интернет-сайт

Алкактык келишим - Ижарага берүүчү менен Колдонуучунун ортосунда түзүлгөн жана ушул Офертада баяндалган шарттарды камтыган келишим.

Келишим - Офертада баяндалган алкактык келишимдин шарттарын жана Сайтта баяндалган алкактык келишимди тактоочу жана конкреттештирүүчү шарттарды камтыган Ижарага берүүчү менен Колдонуучунун ортосунда түзүлгөн келишим.

1. Келишимдин предмети

1.1. Ижарага берүүчү Колдонуучунун сурамы боюнча, ушул Келишимдин шарттарынын алкагында, ага Кубаттоочу жабдыкты, акы төлөнүүчү шартта убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет.

1.2. Кубаттоочу жабдыктарды ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, Ижарага берүүчү, Колдонуучуга “Бери заряд! (Кубаттоочуну ал)” Тиркемесин акысыз колдонууга укук берет.

1.3. Бул Офертанын тексти Алкактык келишимдин шарттарын камтыйт. 2-бөлүмдө каралган тартипте Офертаны кабыл алуу менен, Колдонуучу Алкактык келишимди түзөт.

1.4. Бул Алкактык келишимди тактоочу жана конкреттештирүүчү шарттары, анын ичинде Кубаттоочу жабдыкты ижарага алуу процессинин толук сүрөттөлүшү, Келишимдин баасы, төлөмдө мүмкүн болуучу арзандатуулар, “Бери Заряд! (Кубаттоочуну ал)” Тиркемесин колдонууну каалаган Колдонуучунун жабдууларына жана/же программалык камсыздоосуна коюлган техникалык талаптар, Ижара берүүчү тарабынан Келишим түзүлгөнгө чейин сайтта жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн маалымат Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Колдонуучу Келишим түзүлгөнгө чейин көрсөтүлгөн маалыматты окуп чыкканын, анын мазмунун түшүнгөндүгүн жана аны менен макул экендигин ырастайт. 3-бөлүмдө көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу менен Колдонуучу Келишим түзөт.

1.5. Ижарага берүүчү Колдонуучу менен макулдашпастан, өз каалоосу боюнча Келишимди аткаруу процессине үчүнчү жактарды тартууга укуктуу.

1.6. Келишимдин шарттары менен өз убагында таанышпаган Колдонуучу, жагымсыз кесепеттерге байланыштуу бардык тобокелдиктерди өзүнө алат.



2. Алкактык келишимди түзүүнүн тартиби (Офертаны кабыл алуу)

2.1. Офертаны кабыл алуу боюнча алкактык келишимди түзүү үчүн Колдонуучу төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

               Төлөм квитанциясын жөнөтүү үчүн колдонула турган телефон номерин, электрондук почтанын дарегин, Колдонуучунун Жеке кабинетине кирүү үчүн колдонула турган сырсөздү көрсөтүп, сайтта же «Бери Заряд! (Кубаттоочуну ал)» Тиркемесинде катталуу формасын толтурууга;

               верификация коду бар SMS билдирүүнү алуу менен Колдонуучуга катталган телефон номерин колдоноорлугун тастыктоого;

               ушул Келишимдин шарттарын окуп чыгып, «Мен Кубаттоочу жабдыкты ижарага алуу Келишиминин шарттарын окуп чыктым жана кабыл алдым, жана Келишимде көрсөтүлгөн шарттарда менин жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулмун» деген сөздөрдүн жанындагы кутучаны белгилөөгө;

             «Создать (Түзүү)» баскычын басууга тийиш.

2.2.         Офертанын кабыл алынышы – бул Колдонуучунун жогоруда көрсөтүлгөн аракеттеринин жыйындысы.

2.3.         Колдонуучу толук жана ишенимдүү маалыматты, анын ичинде, өзүнүн электрондук почтасынын дарегин, ага катталган уюлдук телефондун номерин, анын атына чыгарылган банк картасын же анын телефон номерине байланышкан Apple Pay/Google Pay аккаунтун туура берип жаткандыгына кепилдик берет

2.4.         Ижарага берүүчү Колдонуучу тарабынан башка адамдардын жеке маалыматтарын, төлөм реквизиттерин (банк карталары, Apple Pay / Google Pay эсептери) пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, Колдонуучу менен ал берген жеке жана байланыш маалыматтарынын дал келээрлигин аныктоого милдеттүү эмес.

2.5.         Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарга ээлик кылуу укугун аныктоого байланыштуу талаш-тартыштар келип чыккан учурда, Ижарага берүүчү Колдонуучунун өзү ээлик кылган жеке маалыматтарды, банк картасы жөнүндө маалыматты, өздүк телефон номерин берүү боюнча иш аракеттеринин ак ниеттүүлүнө карайт.

3.Заряддагыч түзүлүштү алуу, колдонуу жана кайтарып берүү эрежелери

Автомат издөө.

3.1.         Терминалдардын аймактык жайгашуусу, Автомат жайгашкан уюмдун иш графиги, Терминалдагы Кубатоочу жабдыктын же бош уячанын бар экендиги жөнүндө маалымат, Колдонуучуга, анын Жеке кабинетинде «Карта с зарядками» бөлүмүндө жеткиликтүү.

3.2.         Туура маалымат көрсөтүлүш үчүн үчүн, Колдонуучу Тиркемеде/Сайтта сунушталган тизмеден Кубатоочу жабдык үчүн туташтыргычтын түрүн тандап алышы керек, жана Жеке кабинетке кирүүчү түзмөктө Интернетке туруктуу байланышты жана геолокация кызматтарынын иштешин камсыздашы керек.

Заряддагыч түзүлүштөрдү алуу.

3.3.     Кубатоочу жабдыгын алуу үчүн, Жеке кабинетте же Автоматтын экранында көрсөтүлгөн нускамаларда көрсөтүлгөн кадамдарды аткарышыңыз керек, атап айтканда:

           Автоматты тандоо экранындагы тиешелүү талаага Автоматтын номерин териңиз;

           Банк картасынын маалыматтарын киргизүү үчүн экрандын тиешелүү тилкесине, Кубатоочу жабдыкты колдонуу үчүн төлөм жүргүзүлө турган банк картасынын реквизиттерин киргизиңиз же төлөм ыкмасын тандоо экранында, ушул төлөм ыкмасын таңдап Apple Pay / Google Payди колдонуңуз;

           Автоматтын жообун күтүңүз (Кубатоочу жабдык менен уяча ачылат);

           ачылган уячадан Кубатоочу жабдыкты алыңыз.

Ижарага берүүчү Колдонуучунун Терминалдыр номерин, банк картасынын реквизиттерин туура киргизилгендиги, Колдонуучунун мобилдик түзмөгүнө туура келген туташтыргычты тандоосу, Колдонуучу тарабынан үчүнчү жактарга банктык картанын реквизиттерин бергендиги (анын ичинде Сайтта, Тиркемеде же башка максаттарда банк картасынын реквизиттерин толтурууга жардам берүү/алуу максатында) үчүн жоопкерчилик тартпайт. Эгерде Колдонуучу Автоматтын номерин ката киргизип алуу учурунда уяча Колдонуучу тандагандан башка башка Автоматта ачылган болсо, ал Колдонуучуну алгысы келген Терминалдан башка Автоматта берилген Кубатоочу жабдыктын жоголгон, бузулган учурда. Колдонуучу Келишимдин 7-бөлүмүнө ылайык жоопкерчилик тартат.

3.4. Кубатоочу жабдыкты Терминалдан алгандан кийин, Колдонуучу 5 (беш) мүнөттүн ичинде, төмөнкүлөргө ынанышы керек:

3.5. Кубатоочу жабдыктын Келишимдин 3.4-пунктунда көрсөтүлгөн кемчиликтери аныкталган учурда, Колдонуучу Тиркеменин функционалын пайдаланып, Ижарага берүүчүнүн Колдоо кызматына мындай кемчиликтердин сүрөтүн дароо жөнөтүүгө, андан кийин Кубатоочу жабдыкты Терминалга кайтарууга милдеттүү. Бул учурда, Колдонуучу Терминалдан башка Кубатоочу жабдыкты алууга укуктуу. Эгерде Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты алгандан кийин 10 мүнөттүн ичинде, Ижарага берүүчүнүн Колдоо кызматына Кубатоочу жабдыктын кемчиликтери жөнүндө билдирбесе, Кубатоочу жабдык колдонууга жарактуу деп эсептелет жана пайдалануу мөөнөтү төлөнүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн милдеттенме аткарылбаган учурда, Колдонуучу мындай кемчиликтер Колдонуучу тарабынан Кубатоочу жабдыкты колдоно баштаганга чейин пайда болгондугу жөнүндө фактыларга кайрылууга укугу жок. Кийинки Колдонуучу же Ижарага берүүчү тарабынан Кубатоочу жабдыкта кемчиликтер аныкталган учурда Колдонуучу бардык тобокелдиктерди өзүнө алат. Демек, көрсөтүлгөн милдеттенмени бузган Колдонуучуга, мындай кемчиликтер Ижарага берүүчү же башка Колдонуучулар тарабынан аныкталган учурдан тартып, Келишимдин 7-бөлүмүндө каралган жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

3.6. Кубатоочу жабдыкты пайдалануу (ижарага алуу) мөөнөтү, Колдонуучу Кубатоочу жабдыкns алган учурдан тарта, Кубатоочу жабдыкты Ижара берүүчүнүн Терминалына кайтарган учурга же Колдоо кызматына кайрылуу менен заказ жабылган учурга чейин саналат. Кубатоочу жабдыкты Терминалга кайтаруу учуру Келишимдин «Кубатоочу жабдыкты кайтаруу» бөлүмүнө ылайык аныкталат.

Заряддагыч түзүлүштү колдонуу.

3.7. Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты анын так иш максатына жараша колдонууга жана Заряддагыч түзүлүшкө конструктивдүү же башка өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө, Кубатоочу жабдыкты үчүнчү жактарга колдонууга бербөөгө милдеттүү.

3.8. Кубатоочу жабдыктын мобилдик аппараттардын ар кандай моделдери үчүн, бир нече туташтыргыч варианттары бар. Колдонуучу мобилдик аппаратты заряддоо үчүн туура туташтыргычты өз алдынча тандап алат.

3.9. Мобилдик аппарат кубат алып жатканда кубаттоо индикатору толугу менен өчүп же кызыл болуп калса, бул Кубатоочу жабдыкты кубатто керек экендигин билдирет.

3.10. Кубатоочу жабдык мобилдик аппаратка туташтырылганда, мобилдик аппарат биринчи Кубатоочу жабдыктын электр кубатын колдонот.

3.11. Мобилдик аппарат толук кубатталгандан кийин, бузулууларды болтурбоо үчүн, заряддагыч түзүлүштү өз убагында ажыратып салуу керек.

Кубатоочу жабдыкты колдонуудагы коопсуздук чаралары.

3.12 Кубатоочу жабдыкта литий-полимердүү батарея бар;

3.13. Катуу тыюу салынат:

1. Кубатоочу жабдыктын сырткы кабыгын ачууга;

2. Кубатоочу жабдыкты чачууга;

3. Кубатоочу жабдыкты кысууга;

4. Кубатоочу жабдыкты тешүүгө:

5. Кубатоочу жабдыкты сууда жана/же башка суюктуктар менен байланышта колдонууга;

6. Кубатоочу жабдыкты сууга салууга;

7. Кубатоочу жабдыкты отко коюуга;

8. Кубатоочу жабдыктын температурасы 60°C (140°F) жогору жерлерге (ванна/сауна/инфракызыл сауна) коюуга;

9. Тамакка колдонууга;

3.14. Ижарага берүүчү ушуну менен эскертет, ал эми Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты туура эмес пайдалануу/башка максат менен пайдалануу, Колдонуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна, үчүнчү жактарга, жаныбарларга зыян келтирүү, айлана-чөйрөнүн булганышына алып келиши мүмкүн экенин түшүнөт жана кабыл алат. Кубатоочу жабдыкты колдонууда коопсуздук чараларын билээрин жана анын аракеттери үчүн өзү жооп берерин түшүнөт жана макул болот.

3.15. Кубатоочу жабдыкты колдонгондон кийин, Колдонуучу аны «Кубатоочу жабдыктардын картасы» бөлүмүндөгү Жеке кабинетте Кубатоочу жабдыкты кайтарууга жеткиликтүү деп белгиленген Ижарага берүүчүнүн каалаган терминалында, техникалык жактан жакшы абалда кайтарып берүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда, Колдонуучу Жеке кабинеттеги «Кубатоочу жабдыктардын картасы» бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, кайтарып берүүгө мүмкүн болгон уячалардын бар экендигине ынанат. Колдонуучу Жеке кабинеттеги «Кубатоочу жабдыктардын картасы» бөлүмүндө кайтарууга болоору белгиленбеген терминалга, Кубатоочу жабдыкты кайтарууга укугу жок.

Кубатоочу жабдыкты кайтаруу.

3.16. Колдонуучу, буйрутма боюнча алынган Кубатоочу жабдыкты, колдоно баштаган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде кайтарып берет. Колдонуучу кайтарып берген Кайтарылган Кубатоочу жабдыктын номери, ал алган Кубатоочу жабдыктын номерине дал келиши керек. Кубатоочу жабдыкты кайтаруу үчүн, сиз бош уячасы бар Терминалды табышыңыз керек.

3.17. Автоматтын алдында Кубатоочу жабдыкты кайтарууга даярдоо керек (туташтыргычтарды тиешелүү оюкчага киргизип, Кубатоочу жабдыктын сырткы кабынын бузулбаганын текшериңиз).

3.18. Андан кийин, сайтка же «Бери Заряд! (Кубатоочунун ал)» Тиркемесине кирип, учурдагы тарифтин качан аякташы, Колдонуучунун заказынын номери жана кийинки тарифтин шарттары тууралуу маалыматты камтыган ижара экранында “Кубатоочу жабдыкты тапшыруу” баскычын басуу керек. “Автоматтын номерин териңиз” экраны ачылат. Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты кайтарып жаткан терминалдын номерин көрсөтөт. Номер Автоматтын борбордук бөлүгүндө көрсөтүлгөн. Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты кайтара турчу бош уяча ачылат. Сайтта же «Бери Заряд! (Кубаттоочуну ал)” Тиркемесинде же Автоматтын дисплейинде билдирүү түрүндө «Рахмат! Кубаттоочу ийгиликтүү кайтарылды» деген жоопту күтүү керек.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн Колдонуучу тарабынан Кубатоочу жабдыкты кайтарып берүү талаптары туура аткарылган учурда, Автоматта бош уяча ачылбай калса, Колдонуучу Колдоо кызматына кайрылып, Автоматтын номерин айтып, окуя тууралуу билдирүүсү керек жана Ижарага берүүчүнүн өкүлүнүн көрсөтмөсүнө ылайык иш-аракеттерди кылуусу керек. Колдоо кызматы менен байланышуу номери Автоматта көрсөтүлгөн.

3.19. Жеке кабинетте же Автоматтын дисплейинде «Рахмат! Кубаттоочу ийгиликтүү кайтарылды» билдирүүсү пайда болгондон кийин, ижара мөөнөтү бүттү деп эсептелет жана Кубатоочу жабдык кайтарылды деп эсептелет. Кубатоочу жабдык Терминалга кайтарылган учурдан тартып, маалымат система тарабынан иштелип чыкканга жана Кубатоочу жабдыгынын ийгиликтүү кайтарылганы жөнүндө жазуу пайда болгонго чейин, бир нече секунддан 3 мүнөткө чейинки убакыт өтүшү мүмкүн. Кубатоочу жабдыгын кайтарууга кеткен убакыт Колдонуучу тарабынан ижара мөөнөтүнө кирет жана Кубатоочу жабдыгын ижарага алуу үчүн Колдонуучу тандаган тариф боюнча төлөнөт.

3.21. Эгерде кайтарып берүү процесси, Кубатоочу жабдыгынын бузулушунан же жоголушунан улам келип чыкса, Колдонуучу Келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3.22. Кубатоочу жабдык бузулган же жоголгон учурда, Колдонуучу бул тууралуу Колдоо кызматына билдирүүгө милдеттүү. Колдоо кызматына болгон окуя тууралуу билдирүү келгенге чейин, буйрутма активдүү болуп эсептелет жана Келишимдин 4-бөлүмүнө ылайык Колдонуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш. Колдонуучу тарабынан Кубатоочу жабдык бузулган же жоголгон учурда, Ижарага берүүчү Келишимдин 7-бөлүмүнө ылайык белгиленген өлчөмдө Колдонуучунун банктык картасынан айып алууга укуктуу.

3.23. Эгерде Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты жеке колдонуу үчүн сатып алууну чечсе, ал андан аркы аракеттер жөнүндө маалымат алуу үчүн, жана Кубатоочу жабдыкты пайдалануу үчүн акча каражаттарын эсептен алууну токтотуу үчүн, Колдоо кызматына кайрылууга тийиш.

3.24. Колдонуучу буйрутма боюнча мурда алынгандан айырмаланган (башка Кубатоочу жабдыктын номери менен) Кубатоочу жабдыкты кайтарган учурда, Колдонуучунун буйрутмасы, алынган Кубатоочу жабдык кайра кайтарылганга чейин активдүү болуп эсептелет.

3.25. Эгерде Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты Келишимде белгиленген тартипте, колдоно баштаган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде кайтарып бербесе, Ижарага берүүчү Колдонуучунун бул аракеттерин анын мүлкүн уурдоо катары квалификациялайт, жана ошондой эле, Ижарага берүүчү Колдонуучуга Кубатоочу жабдыктын наркынын ордун толуктоо боюнча талаптарды жана анын бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн башка туунду талаптарды коюуга укуктуу.

4. Келишимдин баасы жана төлөө тартиби.

4.1. Келишимдин баасы, Колдонуучу тарабынан тиешелүү Автомат үчүн белгиленген тарифке ылайык тандалган убакыт аралыгы үчүн, Кубатоочу жабдыкты пайдалануунун наркы катары белгиленет.

4.2. Мүнөт/жарым саат/саат/күн/жума/ай/алты ай/бир жыл, же Кубатоочу жабдыкты колдонуу тарифинде көрсөтүлгөн башка убакыт аралыгынын так баасы Сайтта/Автоматта көрсөтүлгөн. Ижарага берүүчү бир Кубатоочу жабдыктын ижара акысын, колдонуунун бүткүл мөөнөтү үчүн максималдуу өлчөмдө белгилөөгө укуктуу.

4.3. Ижарага берүүчү Келишимдин 7.2-пунктунда көрсөтүлгөн Кубатоочу жабдыктын наркынан ашпаган сумманы, банктык карта эсебиндеги сумманы тоңдуруу/кайра эритүү жолу менен Колдонуучунун банк картасынын жарактуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты Автоматта белгиленген акысыз сыноо мөөнөтү боюнча алып, көрсөтүлгөн сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин Кубатоочу жабдыкты бузулуусуз кайтарып берген учурда, акча каражаттары Колдонуучунун банктык картасынан алынбайт. Эгерде Кубатоочу жабдык белгиленген акысыз сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин кайтарылган болсо, бирок, Автомат кайтарылган аппаратты 1-3 мүнөттөн ашык убакытта аныктап жана Колдонуучунун банк картасынан каражат алынган болсо, Ижарага берүүчү эсептен чыгарылган каражаттарды Колдонуучуга жеке кабинетте 100 бонустук упайларды чегерүү менен компенсациялайт (көрсөтүлгөн упайлар Колдонуучу тарабынан Кубатоочу жабдыктын ижара акысын төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн жана акчалай (накталай/накталай эмес) түрдө кайтарылбайт. Ижарага берүүчү, Колдонуучун эсебинде картаны валидациялоо үчүн зарыл болгон акча каражаты жок болгон учурда, Колдонуучуга Кубатоочу жабдыкты берүүдөн баш тартууга акысы бар. Келишимдин алкагындагы бардык төлөмдөр, Колдонуучу тарабынан Жеке кабинетте реквизиттери көрсөтүлгөн, Колдонуучунун банктык картасынан акча каражаттарын чегерүү жолу менен жүргүзүлөт. Мындай төлөмдөр Колдонуучу тарабынан кошумча ырастоону талап кылбайт.

4.4. Төлөм Колдонуучунун Жеке кабинетинде жана/же Сайтта көрсөтүлгөн, Интернет-төлөм функциясы менен жабдылган төлөм системаларынын банктык карталары аркылуу аткарылуусу мүмкүн.

4.5. Төлөмдөр Cloudpayments системасы аркылуу жүргүзүлөт. Cloudpayments системасы аркылуу кызматка төлөөдө, төлөмдү которуунун шарттары (анын ичинде төлөм үчүн комиссия алуу жана анын өлчөмү), аталган системанын эрежелери менен белгиленет. Колдонуучу төлөмдү ишке ашыруудан мурун, бул эрежелер менен таанышканын жана макулдугун ырастайт.

4.6 Эгерде Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты колдоно баштаган учурда, жетиштүү баланс менен банк картасынын туура реквизиттерин бербесе, Ижарага берүүчү Колдонуучуга Кубатоочу жабдыкты берүүдөн баш тартууга же Колдонуучунун банк картасынан, карызды кийинчерээк эсептен алуу менен Кубатоочу жабдыкты берүүгө укуктуу.

4.7. Заряддагыч түзүлүштү колдонуу үчүн төлөм, алдын ала жүргүзүлөт.

4.8. Колдонуучунун Жеке кабинетинде убакыт эсептегич, кезектеги төлөм эсептен алына турган учурду жана төлөнүүчү сумманы көрсөтөт.

4.9. Колдонуучунун банктык картасынан акча каражаттары эсептен алынгандан кийин, каттоо учурунда көрсөтүлгөн Колдонуучунун электрондук дарегине төлөмдү тастыктаган документ жөнөтүлөт.

4.10. Банк картасында акча каражатынын жетишсиздиги, банк картасынын реквизиттери туура эмес киргизилгендиги, банктык картанын колдонуу мөөнөтү аяктагандыгы жана башка себептерден улам төлөмдү эсептен алуу мүмкүн болбосо, Ижарага берүүчү бул тууралуу, Колдонуучуга Жеке кабинетинде билдирүү же электрондук почтасы аркылуу билдирет. Ижара берүүчү каттоо учурунда көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу, Колдонуучуга Кубатоочу жабдыкты пайдалангандыгы үчүн карызды төлөө зарылчылыгы жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

4.11. Колдонуучуга Кубатоочу жабдыкты пайдаланган учурдан, ал кайтарылган учурга чейин, Келишимдин 7.4-пунктунда белгиленген өлчөмдө карыз кошулат.

4.12. Ижарага берүүчү, Колдонуучу каражаттарды эсептен чыгарууга тоскоол болгон фактыларды оңдоо учурда, ошондой эле Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты кайтарып бергенге чейинки каалаган убакта Колдонуучунун банк картасынан чегерилген карыздын суммасын алууга укуктуу.

4.13. Эгерде Колдонуучу, төлөмдү эсептен алуу мүмкүн эместиги жөнүндө Колдонуучуга кабарлаган учурдан тартып, 24 саат ичинде төлөм аткаруудагы тоскоолдуктарды жойбосо, анда Ижарага берүүчү Колдонуучунун Жеке кабинетине кирүүсүнө бөгөт коюу менен Келишимди жана Алкактык келишимди бузууга, жана кийинки башка Кубатоочу жабдыкты алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укуктуу.

4.14. Эгерде Колдонуучу Акы төлөнгөн колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Кубатоочу жабдыкты кайтарып берсе, кайра эсептөө автоматтык түрдө жүргүзүлбөйт, бирок Колдонуучу Ижарага берүүчүгө пайдаланылбаган ижара мезгили үчүн төлөмдүн бир бөлүгүн кайтарып берүү өтүнүчү менен арыз жөнөтүүгө укуктуу. Ижарага берүүчү, көрсөтүлгөн сумманы Колдонуучунун Ижарага берүүчүнүн алдындагы башка, анын ичинде келечектеги милдеттенмелерин аткарууга, анын эсебине чегерүү укугуна ээ.

4.15. Ижарага берүүчү, төлөм аткаруу процессине, ушул чөйрөдө ортомчулук кызмат көрсөтүүчү агенттерди жана башка жактарды тартууга укуктуу.

5. Келишимдин мөөнөтү.

5.1.         Алкактык келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

5.2.         Келишимдин аткаруу мөөнөтү (бир Кубатоочу жабдыкты үзгүлтүксүз колдонуу мөөнөтү), Кубатоочу жабдык кайтарылган же Колдоо кызматына кайрылуу аркылуу буйрутма жабылган учур менен аныкталат.

5.3.         Колдонуучу тарабынан Кубаттоочу жабдык жоготулса Келишим бузулган болуп эсептелинет, Ижара берүүчү Алкактык Келишимди токтотулат жана Колдонуучунун Жеке кабинетине бөгөт коюлуп, Келишимдин негизинде жоопкерчилик чарасы көрүлөт.

6. Тараптардын башка укуктары жана милдеттери.

6.1.         Колдонуучу Каттоо учурунда көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегин жана сыр сөзүн, Колдоо кызматына кайрылуу же электрондук почта аркылуу өзгөртө алат.

6.2.         Колдонуучу логинди жана паролду жашыруун сактоого милдеттүү, алар аркылуу Колдонуучунун Жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алууга болот. Логинди, паролду жоготуп алган учурда же үчүнчү тарап бул маалыматтарды ээлеп алды деп ишенүүгө негиз пайда болгон учурда, Колдонуучу башка паролду жана/же логинди түзүүгө милдеттүү, же Колдоо кызматына же электрондук почта аркылуу кайрылып, Жеке кабинетке кирүүгө бөгөт коюу өтүнүчү менен кайрылууга милдеттүү. Бул милдеттенмени аткарбоо менен байланышкан тобокелдиктер Колдонуучунун өз мойнунда.

6.3.         Колдонуучу Кубатоочу жабдыктын жоголгондугу жана/же бузулгандыгы жөнүндө дароо (бир календардык күндөн кечиктирбестен) Ижарага берүүчүгө билдирүүгө милдеттүү. Бул милдеттенме аткарылбаган учурда, Ижарага берүүчү аны жоготуу же бузулуу себептерине жана жагдайларына карабастан, Колдонуучуга Кубатоочу жабдыктын наркынын ордун толтуруу талабын коюуга укуктуу.

6.4.         Ижарага берүүчү, Колдонуучу тарабынан Келишим же Алкактык келишим бузулган учурда, Колдонуучунун Жеке кабинетине кирүүсүнө бөгөт коюу жолу менен Келишимди жана Алкактык келишимди бузууга, же өз каалоосу боюнча башка Кубатоочу жабдыкты алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укуктуу.

6.5.         Ижарага берүүчү Колдонуучунун кошумча макулдугусуз, Колдонуучудан карызды өндүрүү боюнча өзүнүн укуктарын, каалаган үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

7. Тараптардын жоопкерчилиги.

7.1 Колдонуучу тарабынан Кубатоочу жабдык пайдаланылгандыгы үчүн төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талапка ылайык аткарылбаган учурда, Ижарага берүүчү Колдонуучуга кечиктирилген ар бир күн үчүн, карыздын суммасынан 0,1% өлчөмүндө айып чегерүүгө укугу бар, ал эми Колдонуучу ал туумду төлөөгө милдеттүү.

7.2.         Кубатоочу жабдык бузулган же жоголгон учурда, Кубатоочу жабдыктын сырткы көрүнүшү/дизайны, анын ичинде чаптамалары өзгөртүлгөн учурда, Ижарага берүүчү Колдонуучунун банк картасынан Кубатоочу жабдыктын наркынан 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айыпты алууга укуктуу, ал эми Колдонуучу ал айыпты төлөөгө милдеттүү.

7.3.         Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты ишкердик же башка коммерциялык максаттарда пайдаланганда, Ижарага берүүчү Колдонуучунун банктык картасынан 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү айыпты эсептен алууга укуктуу, ал эми Колдонуучу төлөөгө милдеттүү.

7.4.         Ижара берүүчү Кубатоочу жабдык кайтарылганга чейин же Колдоо кызматы аркылуу буйрутма жабылганга чейин, Колдонуучунун банк картасынан ижара акысын алууга укуктуу. Ижарага алуу мөөнөтү чектелбегендигин эске алуу менен, Кубатоочу жабдыкты ижарага алуу үчүн Колдонуучунун банк картасынан ижара акысын эсептен алуунун максималдуу чеги, белгиленбейт.

7.5.         Ижарага берүүчү, Колдонуучу кубаттоочуну туура эмес абалда колдонгон учурда же Колдонуучу Келишимде көрсөтүлгөн коопсуздук чараларын сактабаган учурда, Колдонуучунун жана/же башка үчүнчү жактардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилгендиги, же башка келип чыккан кесепеттер үчүн милдеттенме албайт.

7.6 Офертаные шарттарын кабыл алуу жана Кубатоочу жабдыкты алуу менен, Колдонуучу Кубатоочу жабдыкты алууда ал колдонгон телефон номеринин, банк картасынын, ак ниеттүү ээси экендигине кепилдик берет. Колдонуучу, анын атына катталбаган банк картасынын реквизиттеринин жана/же телефон номерин колдонуу тобокелдиктерин, ошондой эле чыныгы ээси жана Ижарага берүүчү тарткан мүмкүн болгон чыгымдардын ордун толтуруу милдеттерин өз мойнуна алат.

7.7. Эгерде Колдонуучу, Кубатоочу жабдыкты Келишимде белгиленген тартипте колдоно баштаган күндөн тартып, 7 календардык күндүн ичинде кайтарып бербесе, Ижарага берүүчү, Колдонуучунун бул аракеттерин анын мүлкүн уурдоо катары квалификациялайт, ошол себептен Ижарага берүүчү Колдонуучудан 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө Кубатоочу жабдыктын наркын толугу менен төлөп берүүсүн, жана 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө бир жолку айып төлөөсүн, жана ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын 0,1% өлчөмүндө айыптык төлөмдү талап кылуу укугуна ээ, ал эми Колдонуучу төлөп берүүгө милдеттүү.

7.8. Ижарага берүүчүнүн бардык талаптары, алар коюлган күндөн тартып, 5 иш күндүн ичинде Колдонуучу тарабынан канааттандырылышы керек.

8. Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.

8.1. Ижара берүүчү эч кандай атайын эскертүүсүз, бир тараптуу негизде, Алкактык келишимдин жана Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Бул Келишим ачык жана жалпылыкка жеткиликтүү документ болуп саналат. Учурдагы чыгарылыш Интернетте, https://berizaryad.ru/user/register дареги боюнча жайгашкан. Ижарага берүүчү Колдонуучуларга ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду такай текшерип турууну сунуштайт. Келишимдин өзгөртүлгөн чыгарылышын, ошондой эле Келишимдин жаңы редакциясын жайгаштыруу, Колдонуучуга Алкактык келишимдин жана Келишимдин шарттарын өзгөртүү сунушу болуп саналат.

8.2.     Эгерде Колдонуучу Алкактык келишимдин жана/же Келишимдин жаңы шарттарынын иштөө мөөнөтүнүн ичинде, Кубатоочу жабдыкты алуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жасаган учурда, ошондой эле Келишимдин жаңы редакциясы/Келишимдин мурунку редакциясына өзгөртүүлөр жарыяланганга чейин алынган Кубатоочу жабдыкты колдонууну уланткан учурда, мындай аракеттер Ижара берүүчү тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр менен Колдонуучунун макулдугу (кабыл алгандыгы) болуп саналат.

9. Талаштарды чечүүнүн тартиби.

9.1. Келишимди аткарууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү үчүн, милдеттүү сотко чейинки жол-жоболор белгиленет.

9.2. Доону кароонун жана ага жооп берүүнүн мөөнөтү 10 (он) календардык күндү түзөт.

9.3. Колдонуучунун дооматы, аны Колдонуучу катары идентификациялоо үчүн жетиштүү маалыматтарды камтууга тийиш (Сайтта жана/же «Бери Заряд! (Кубатоочунун ал)» Тиркемесинде каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтар). Дооматка Колдонуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке маалыматтары жана жашаган жери көрсөтүлгөн барактар), ошондой эле, эгерде Колдонуучу төлөмдү кайтарууну талап кылса, төлөм фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.

9.4. Доомат, Колдонуучу тарабынан жеке кол коюлушу, сканерден өтүшү жана «Байланыш» бөлүмүндө көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу Ижарага берүүчүгө жөнөтүлүшү, ошондой эле заказдык почта аркылуу дароо түп нускада жөнөтүлүшү керек. Ижарага берүүчүгө жөнөтүлгөн электрондук катта, почта жөнөтмөсүнө көз салуу үчүн, почта идентификациясынын номери камтылууга тийиш.

9.5. Эгерде дооматты берүүнүн же жөнөтүүнүн жогорудагы эрежелери сакталбаса, мындай доомат берилген эмес деп эсептелет.

9.6. Милдеттүү сотко чейинки жол-жоболор тартибин аткаруу үчүн, Ижарага берүүчү Колдонуучунун Жеке кабинетине, Карызды төлөө зарылчылыгы жөнүндө маалымат камтыган билдирүүнү жөнөтүшү керек. Ижарага берүүчү билдирүүнү жөнөткөн күн, Колдонуучу билдирүүнү (сотко чейинки доону) алган күн деп эсептелет. Сотко чейинки доону өткөрүп берүү үчүн башка байланыш каражаттарын пайдалануу аракеттери, Ижарага берүүчүнүн каалоосу боюнча калат.

9.7. Талаш соттон тышкаркы тартипте чечилбеген учурда, эгерде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамда, белгилүү бир талаш боюнча соттук компетенциянын башка эрежелери белгиленбесе, ал Ижарага берүүчүнүн жайгашкан жери боюнча соттун кароосуна берилиши мүмкүн.

10. Башка шарттар.

10.1. Тараптар электрондук почта жана/же Жеке кабинет аркылуу жөнөтүлгөн документтердин юридикалык күчүн тааныйт, жана эгерде Келишимде башкача каралбаса, бул документтер кагаз жүзүндө таризделген жана тиешелүү адамдын колу менен кол коюлган документтерге барабар экендигине макул болушат.

10.2. Электрондук почтага жана/же Жеке кабинет аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүлөр, кат алуучунун өзү же алар жөнөтүлгөн почта кызматы тарабынан кабыл алынгандыгы ырасталган учурда, дарек ээси тарабынан алынды деп эсептелет.

10.3. Офертаны кабыл алуу менен Колдонуучу, Ижарага берүүчүгө келишимди аткаруу максатында, өзүнүн жеке маалыматтарын (ЖМ), тактап айтканда: фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), жынысын, жарандыгын, туулган күнүн жана жерин, инсандыгын ырастоочу документтин номери, көрсөтүлгөн документтин берилген датасы жана аны берген мекеме жөнүндө маалымат, жашаган (ал азыр жайгашкан) жери боюнча катталган дареги, байланыш маалыматтарын (көчмө радиотелефон байланышынын абоненттик түзүлүшүнүн номери, электрондук почтанын дареги) иштеп чыгууга макулдугун берет. ЖМ иштетүү, келишимдин колдонулуу мөөнөтү ичинде жана ошондой эле Келишим бузулган күндөн тартып 3 (үч) жылдын ичинде, жеке маалыматтарды чогултуу, эсепке алуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (тараттуу, көрсөтүү, алууга мүмкүнчүлүк берүү), ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылууну, камтыйт. Колдонуучу бул макулдукту кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кабардар экенин ырастайт.

10.4. Колдонуучу, «Мен жарнамалык каттарды алууга макулмун» деген сөз айкашынын жанындагы кутучаны белгилөө менен, Жеке кабинетте катталуу учурунда Колдонуучу көрсөткөн электрондук почта дарегине билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу, Ижарага берүүчүнүн кызматтары жөнүндө жарнамалык жана маалыматтык каттарды алууга макулдугун берет. Бул макулдук белгисиз мөөнөткө берилет жана Ижарага берүүчү Колдонуучунун жөнөтүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүсүн алганга чейин күчүндө болот.

10.5. Колдонуучу ага жөнөтүлгөн ар бир электрондук катта жайгашкан «Жазылууну токтотуу» шилтемесин басып, электрондук почта билдирүүлөрүн таратуудан баш тарта алат.

10.6. Колдонуучу «Байланыш» бөлүмүндө көрсөтүлгөн Ижарага берүүчүнүн электрондук дарегине, же Сайтта көрсөтүлгөн почтага тиешелүү катты жөнөтүү менен жазылууну токтото алат.

10.7. Бул келишимге, анын шарттарына жана аны аткарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

 

11. Ижарага берүүчүнүн реквизиттери.

«ЛИЗИНГ ЭКСПРЕСС ТЕХНОЛОДЖИ» жоопкерчилиги чектелген коому


Дареги: Бишкек ш., Биринчи Май району, Горький көч., 27/1, 7-кабат, 712-кабинет

Электрондук почта: leasing.technology@gmail.com

Каттоо номери 206127-3300-ЖЧК

ИНН 02005202210418

ОКПО 31434293

Р/с 1180000212258337 KGS «ЖАК Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» Банкына

К/c _____________

БИК:118006_____
Электрондук почтанын дареги: info@berizaryad.ru

Колдоо кызматынын телефон номери Автоматта көрсөтүлгөн.

Техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын тастыктаган документтер жөнүндө маалыматтар.

LDB-6 үлгүсүндөгү литей аккумуляторлоруна шайкештик декларациясы 21.08.2019-жылы Alliance LLC тарабынан катталган: каттоо номери ROSS RU D-CN.HA78.B.00946/19, 20.08.2022-жылга чейин жарактуу.

LDX-8 маркасындагы аккумуляторлор үчүн тиричилик эмес заряд станциясына шайкештик декларациясы «ЗАРЯД!» ЖЧКсы тарабынан берилген, декларация 21.08.2019-ж. катталган, каттоо номери: ЕАЭС N RU D-CN.HA78.B.10738/19, 20.08.2022-жылга чейин жарактуу

LDX-8, LDX-16, LDX-60, NAS-4, NAS-8, NAS-16, NAS-30, NAS-50 маркасындагы аккумуляторлор үчүн тиричилик эмес заряд станциясына шайкештик декларациясы «ЗАРЯД!» ЖЧКсы тарабынан берилген, декларация 30.10.2019-ж. катталган, каттоо номери: ЕАЭС N RU D-CN.HB11.B.00262/19, 29.10.2022-жылга чейин жарактуу.

Шайкештик сертификаты ГОСТ Р ИСО 9001-2015 (ИСО 9001:2015), сертификаттын каттоо номери EAC.4ИБН1.СМ.5195, 20.08.2019-ж. берилген, 20.08.2022-ж. чейин жарактуу